Akchabarsearch
Чүйдөгү акча алмаштыруучу жайга 55 миң айып пул салынды

Жарыяланган

2025-04-12, 18:06

Чүйдөгү акча алмаштыруучу жайга 55 миң айып пул салынды

Чүйдөгү акча алмаштыруучу жайга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акча алмаштыруучу жай Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген. Мындан улам 55 миң сом айып пул салынды.

Улуттук банк азырынча алмашуу бюросунун атын же мыйзам бузуунун конкреттүү деталдарын ачыктай элек. 


Тектеш материалды окуу