
Жарыяланган
2026-26-01, 12:01Таластагы «Насыр ЛТД» акча алмаштыруу жайынын лицензиясы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жай Талас шаарында Азия соода борборунда жайгашкан.
23-январда аталган жайга үстүнөн түшкөн арыздын негизинде лицензия жокко чыгарылды.


