Akchabarsearch
Дастан Бекешев кыймылсыз мүлккө өз алдынча чектөө киргизүү механизмин сунуштады

Жарыяланган

2026-23-03, 17:36

Дастан Бекешев кыймылсыз мүлккө өз алдынча чектөө киргизүү механизмин сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жарандарга өз мүлкүн каттоого өз алдынча чектөө киргизүү мүмкүнчүлүгүн берүү демилгесин сунуштады. 

Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкуу үчүн парламенттин расмий сайтына жарыяланды.

Демилгечинин айтымында, Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө байланышкан алдамчылык учурлары көп катталууда. Алдамчылар ар кандай ыкмаларды колдонуп, жарандарды, өзгөчө улгайган адамдарды, мүлкүн сатууга же кайра каттатууга көндүрүшөт.

Бекешев белгилегендей, учурдагы укуктук механизмдер мындай тобокелдиктердин алдын алууда жетишсиз болуп, бузулган укуктарды калыбына келтирүү көп убакытты жана каражатты талап кылат.

Мыйзам долбооруна ылайык, жарандар өз каалоосу менен кыймылсыз мүлкүнө карата каттоо аракеттерине тыюу салуу укугуна ээ болушат. Бул чектөө мамлекеттик реестрге киргизилгенден кийин, аны алып салмайынча мүлккө байланышкан каттоо аракеттери жүргүзүлбөйт.

Демилге алдын алуучу мүнөзгө ээ болуп, жарандардын мүлкүн алдамчылыктан коргоого жана кошумча коопсуздук механизмин түзүүгө багытталган.


Тектеш материалды окуу