
Жарыяланган
2026-05-03, 10:50Депутат Дастан Бекешев ЖРТны мамлекеттин эсебинен каржылоону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул маселе айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн кыйынчылык жаратууда.
“ЖРТдан өтүү үчүн негизги жана предметтик тесттердин баасы 470 сом болуп кымбаттады. Бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө терс таасирин тийгизет. Мындан тышкары ата-энелер балдарын ЖРТга даярдоо үчүн курстарга алып барышат. Бул дагы кошумча чыгымдарды талап кылып, стресске алып келет.
КМШ өлкөлөрүндө, Европада жана АКШда тестти мамлекет өзү каржылайт. Ал жакта ата-энелер төлөбөйт. Азыр бизде бюджет да өстү, ошондуктан реформа жүргүзүшүбүз керек. Эмне үчүн бул тармакка каражат бөлүнбөйт? Ушул жылдан баштап ЖРТны мамлекеттин эсебинен каржылайлы. Бул мамлекет үчүн керек”, — деди Бекешев.
