Akchabarsearch
    Депутат коммерциялык банктарда рубль жок болуп жатканын айтты

    Жарыяланган

    2025-14-05, 11:01

    Депутат коммерциялык банктарда рубль жок болуп жатканын айтты

    Кыргызстандагы коммерциялык банктарда рубль жок болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакытбек Марипов билдирди. 

    Жарандар банктардан рубль таба албай жатканын айткан Марипов өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бул маселе боюнча Улуттук банкка тапшырма берүүнү суранды. 

    "Эмне себептен рубль жок болуп жатканы тууралуу маалымат берип койсоңуздар", - деди ал. 


    Тектеш материалды окуу