Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-17-10, 12:35

Коммерциялык банктардын бирине 441 миң сом айып салынды

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн коммерциялык банк жоопкерчиликке тартылды.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, Укук бузуулар кодексинин 355-беренесине ылайык, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банкка 441 миң сом өлчөмүндөгү 7 айып пул салды.

 


Тектеш материалды окуу