Akchabarsearch
Ош шаарында муниципалдык айып короо салынууда

Жарыяланган

2026-06-01, 13:10

Ош шаарында муниципалдык айып короо салынууда

Ош шаарынын Манас-Ата аймактык башкармалыгынын аймагында муниципалдык айып короо (унаа токтотуучу жай) салынууда. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.

Учурда Унаа токтотуучу жайдын аймагында тирөөч дубалдар курулуп, "Ошсвет" ишканасы тарабынан аймакка заманбап жарыктандыруу системасы орнотулууда.

Мындан тышкары, аймак грейдер техникасы менен тегизделип, айланасына тосмолор орнотулуп жатат. 

Бул жай 50-60 унаага ылайыкталып, шаар ичиндеги жолдордогу коопсуздукту камсыздоо жана унаа токтотуу эрежелерин бузуу учурларын азайтуу максатында курулууда.


Тектеш материалды окуу