
Жарыяланган
2026-18-03, 12:38Депутат Медина Кайрылбекова такси кызматына чет элдик жарандар үчүн тил талабы коюуну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештиин жыйынында билдирди.
Эл өкүлү алардын тил билбеши жарандарга кыйынчылык жаратып жатканын айтты.
“Бишкек шаарында жеткирүү жана такси кызматында иштеген пакистандык жарандар тууралуу маселе көтөрүүнү туура көрдүм. Биздин жарандар көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Алардын көбү тил билбейт. Таксиге карыган апаларыбызды, жаш балдарыбызды салып жатабыз. Ошол убакта чоң кыйынчылык туудуруп жатат. Чет элдик жарандарды жумушка алып жатканда кыргыз тилин же орус тилин билүү жагын кароо керек”, - деди депутат.

