
Жарыяланган
2026-18-03, 14:55Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Табылды Муратбеков Бишкектеги борбордук бөлүктөрдө жайгашкан жогорку окуу жайларды шаардын сыртына көчүрүү маселесин көтөрдү.
Анын айтымында, шаар ичиндеги тыгындар жана инфраструктуралык кыйынчылыктар бул кадамдын зарылдыгын көрсөтүүдө.
Мындан тышкары, айрым окуу жайлар эскирип калганын белгилеп, заман талабына жооп берген, толук инфраструктурасы бар жаңы билим берүү мекемелерин куруу керектигин айтты.

