Akchabarsearch
Өзбекстандын жогорку окуу жайларында 369 кыргызстандык билим алат

Жарыяланган

2025-02-05, 14:06

Өзбекстандын жогорку окуу жайларында 369 кыргызстандык билим алат

Өзбекстандын жогорку окуу жайларында 369 кыргызстандык билим алууда. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика агенттиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2024/2025 окуу жылынын башында Өзбекстандагы жогорку окуу жайларда билим алган чет элдиктердин саны 12.5 миңди түзгөн. Алардын көбү – Индиянын, Түркмөнстан жана Пакистандын жарандары. Өзбекстандагы студенттеринин саны боюнча Кыргызстан 6-орунда турат.

Өзбекстанда билим алган чет элдик студенттер: 

  1. Индия – 6502;
  2. Түркмөнстан – 1430;
  3. Пакистан – 1250;
  4. Россия – 732;
  5. Казакстан – 639;
  6. Кыргызстан – 369;
  7. Кытай – 325;
  8. Тажикстан – 322;
  9. Корея – 197;
  10. Афганистан – 157;
  11. Канада – 126;
  12. Башка өлкөлөр – 431.

Тектеш материалды окуу