
Жарыяланган
2026-25-02, 17:16Бүгүн, 25-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы айрым өткөрүү пункттарынын макамын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаевдин маалыматына ылайык, «Төмөнкү Чүй – автожол» («Камышановка-автожол») жана «Кичи-Капка – автожол» өткөрүү пункттарына эки тараптуу макамдын ордуна эл аралык статус берүү сунушталууда.
Мындан тышкары, «Төмөнкү Чүй – автожол» өткөрүү пунктун сутка бою иштөө режимине өткөрүү каралууда. Бул өзгөртүүлөр туризмди өнүктүрүүгө, жүргүнчүлөр менен жүк ташууну жеңилдетүүгө жана инфраструктураны жакшыртууга багытталганы белгиленди.
Ошондой эле жыйында былтыркы жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздук чакырыктарына каршы аракеттенүү боюнча Универсалдуу борбор тууралуу макулдашуу ратификацияланып, мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.
УКМК өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, документте Ташкент шаарында Универсалдуу борбор түзүү жана анын алкагында Бишкекте Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборун ачуу каралган.
Мындан тышкары, жыйында милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жарандарды жекече эсепке алуу тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр экинчи окууда колдоо тапты.


