Жарыяланган
2026-13-02, 13:58Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Адылбек Касымалиев өткөн жылы Кыргызстандын Тажикстан менен болгон товар жүгүртүүсү 36 млн долларды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 24 эсеге көбөйгөнүн кошумчалады.
Ал эки мамлекеттин башчылары товар жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүү милдетин койгонун белгилеп, бул максатка жетүүгө толук даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде Кохир Расулзода Кыргызстан менен жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүү Тажикстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп саналарын белгиледи. Ал тажик тараптын эки өлкөнүн жетекчилери тарабынан коюлган дымактуу милдеттерди ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.


