Akchabarsearch
Президент: Кыргызстанда ишкерлер өздөрүн мамлекеттин өнөктөшү катары сезиши керек

Жарыяланган

2026-27-02, 14:00

Президент: Кыргызстанда ишкерлер өздөрүн мамлекеттин өнөктөшү катары сезиши керек

Президент Садыр Жапаров ишкерлерге кандайдыр бир негизсиз басым-кысым көрсөтүүгө жол берилбей турганын эскертти. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-февралда республикалык кеңешмеде билдирди.

Ал ак ниет иштеген жана мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон бизнес ар тараптан корголушу керектигин айтты. 

“Бизнесмен коркуу чөйрөсүндө, басым-кысым шартында иштеген жерде экономикалык өсүш токтойт. Бул албетте, мамлекетке, элге, эң ириде бардык жоопкерчиликти моюнга алган бизге залакасы тиет. Мына ошондуктан жергиликтүү укук коргоо органдары айыл өкмөттөрдү, акимдерди, мэрлерди негизсиз текшерүүнү токтоткула. Алардын ишине тоскоолдук кылып, отчет алып, контролдоп же негизи жок эле кабинетиңерге чакырганыңарды койгула”, - деди мамлекет башчы.

Президент Кыргызстанда ишкерлер өздөрүн мамлекеттин өнөктөшү катары сезиши шарт экенин белгиледи.

“Биз Кыргызстандын экономикасынын жүрөгү, инновациялардын жана жаңы жумуш орундарынын булагы ишкерлер болушун каалайбыз. Мамлекет дайым алардын жанында болот, коргоосуна алат, кепилдик берет”, - деди Жапаров.


Тектеш материалды окуу