akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-22-04, 14:10

    Ишкерлерди кайсы мамлекеттик органдар текшерүүгө укуктуу?

    Кыргызстанда 17 мамлекеттик органга ишкерлерди текшерүүгө укук берилген. Бул тууралуу Бишкектеги 'Бизнес агартуу кербени" иш-чарасында Экономика министрлигинин Лицензиялык-уруксат берүү системасы, контролдоо-көзөмөлдөө чөйрөсү башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубат Шатманалиев билдирди. 

    Анын айтымында, 17 органдан тышкары Улуттук банк, Акыйкатчы институту, укук коргоо органдары жана Салык кызматы өз мыйзамдарына ылайык текшерүү жүргүзөт. Тизмеге кирген 17 орган пландык текшерүүнү Экономика министрлиги менен макулдашып жүргүзүшү керек.  

    Текшерүүчү органдар: 

    1. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы
    2. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы
    3. Баалуу металлдар департаменти
    4. Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаменти
    5. Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат
    6. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти
    7. Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти
    8. Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө боюнча кызмат
    9. Ветеринардык кызмат
    10. Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат
    11. Өрт көзөмөлү боюнча кызмат
    12. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы
    13. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаменти
    14. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттик
    15. Жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүндөгү көзөмөл башкармалыгы
    16. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаменти
    17. Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттик

    Тектеш материалды окуу