Akchabarsearch
Ишкерлер үчүн ЕАЭБге ылайыктык декларациясын тариздөө жеңилдетилди

Жарыяланган

2026-03-07, 10:32

Ишкерлер үчүн ЕАЭБге ылайыктык декларациясын тариздөө жеңилдетилди

Кыргызстанда ЕАЭБдин талаптарына ылайыктык декларациясын каттоо тартиби өзгөрөт. Жаңы эрежелер ишкерлерге документтерди тезирээк бүтүрүүгө жана Кыргызстанда берилген декларациялардын башка ЕАЭБ өлкөлөрүндө да таанылышына жардам берет.

Эми декларацияларды мамлекеттик органдар эле эмес, ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирген аккредитацияланган сертификаттоо уюмдары да каттай алат. Бул азык-түлүк, кийим-кече, эмерек, косметика, күйүүчү май, таңгак, тамеки, ичүүчү суу, сүт, эт, балык жана башка товарларга тиешелүү.

Бирок мындай уюмдар 2027-жылдын 1-сентябрына чейин улуттук аккредитациядан өтүшү керек. Эгер өтпөсө, декларацияларды каттоо укугунан ажыратылат.

Жаңы тартипте көзөмөл дагы күчөйт. Аккредитацияланган уюмдар ай сайын Экономика жана коммерция министрлигине катталган декларациялар тууралуу маалымат берип, коопсуздук талаптары бузулган учурларды билдирип турушат.

Декларациялардын туура таризделгенин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу тиешелүү кызматтар жана Экологиялык-техникалык көзөмөл кызматы текшерет. Эгер ЕАЭБдин талаптары бузулса, жооптуу адамдар мыйзам боюнча жоопко тартылат.

Мындан тышкары, Министрлер кабинети бул тармакты жөнгө салган 2025-жылдагы өзүнчө токтомду жокко чыгарып, бардык эрежелерди бир документке бириктирди.

Жаңы тартип 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.


Тектеш материалды окуу