Akchabarsearch
Дыйкан-фермерлерге 150 млн сомго чейин жеңилдетилген насыя берилет
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2024-13-12, 12:55

Дыйкан-фермерлерге 150 млн сомго чейин жеңилдетилген насыя берилет

Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге 150 миллион сомго чейин жеңилдетилген насыя берилет.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, 2025-жылдын 1-январынан тарта “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоору ишке кирет. Анын алкагында мал жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен алектенген бирдиктүү товар өндүрүүчүлөр үчүн 25 миллион сомго чейин 6 пайыздык үстөк менен 6 айга кредит берилет.

Ал эми товар өндүрүүчүлөрдүн бирикмелери менен кластердик бирикмелерди түзгөн кайра иштетүү өнөр жайынын ишканалары 6 айга 6 пайыз менен 150 миллион сомго чейин алса болот.


Тектеш материалды окуу