Akchabarsearch
Дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген баада 10 миң тонна дизелдик отун даярдалды
Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

Жарыяланган

2025-10-03, 13:05

Дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген баада 10 миң тонна дизелдик отун даярдалды

Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген баада 10 миң тонна дизелдик отун даярдалды. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы министрлигинен билдиришти.

Жазгы-талаа иштерине дыйкандар күйүүчү майды литрине 65 сомдон алса болот.

Ведомстводон белгилешкендей, жалпысынан өлкө аймагында жазгы-талаа иштерине 42  миң тоннадан ашык дизелдик отун жана 12 миң тонна бензин талап кылынат. Белгиленгендей, бүгүнкү күндө республикада күйүүчү майлоочу материалды жеткирүүдө кыйынчылыктар жок.


Тектеш материалды окуу