
Жарыяланган
2026-27-08, 14:07Дыйкан-фермерлер сууну үнөмдөөчү сугат технологияларын орнотуу үчүн 2% менен насыя ала алышат. Бул долбоор Айыл чарба министрлиги жана Мамлекеттик финансылык холдинг менен биргеликте ишке ашырылууда.
Насыянын жалпы көлөмү 200 млн сомду түзөт. Аны 7 жылга чейин алууга болот. Мындан тышкары, 1 жылга чейин жеңилдетилген мөөнөт каралган.
Насыянын каражатын негизинен тамчылатып сугаруу системаларын орнотууга, сугат суусун үнөмдүү пайдаланууга жана айыл чарбасына заманбап сугат технологияларын киргизүүгө жумшоого болот.
Насыяны белгиленген талаптарга жооп берген дыйкан-фермерлер, жеке жана юридикалык жактар ала алышат.
Арыз берүү жана насыянын шарттары тууралуу толук маалыматты райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынан алууга болот.



