Akchabarsearch
Дыйкандар айыл чарба техникасын 6% менен лизингге ала алышат

Жарыяланган

2026-23-11, 12:00

Дыйкандар айыл чарба техникасын 6% менен лизингге ала алышат

Кыргызстанда дыйкандар жана фермерлер айыл чарба техникасын жылдык 6% менен 7 жылга чейин лизингге ала алышат. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен ишке ашырылууда. Ага 45 млн доллар бөлүнгөн. Бул каражатка айыл чарба техникалары, ошондой эле продукцияны кайра иштетүүчү ишканалар үчүн жабдуулар лизингге берилет.

Дыйкандар техникаларды «АБанк» жана «Элдик Банк» аркылуу ала алышат.

Долбоордун биринчи этабы 2026–2030-жылдары ишке ашырылып, жалпы мөөнөтү 2050-жылга чейин белгиленген.


Тектеш материалды окуу