Akchabarsearch
Ошто айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү өттү

Жарыяланган

2026-05-03, 14:04

Ошто айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү өттү

Бүгүн, 5-мартта Ош облусунда агротехникалык “Агро Экспо” көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чаранын алкагында министр Эрлист Акунбеков көргөзмөгө коюлган айыл чарба техникалары, көчөттөр, үрөндөр жана агрохимиялык каражаттар менен таанышып, дыйкандар жана фермерлер менен баарлашты. 

Ошондой эле көргөзмөгө келген коноктор менен пикир алышып, айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланды.

Бул көргөзмө дыйкандар менен фермерлер үчүн заманбап технологиялар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр менен таанышууга шарт түзүп жатат. Бул жерде айыл чарба продукцияларынан тартып көчөттөргө чейин, ошондой эле жер иштетүүгө керектүү атайын техникалар жана ар түрдүү агрохимиялык каражаттар сунушталган.

Көргөзмөгө коңшу өлкөлөрдөн — Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана башка мамлекеттерден келген өкүлдөр да катышып, иш-чарага өзгөчө кызыгуу жаратууда. Бул айыл чарба тармагындагы тажрыйба алмашууга жана региондор аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.


Тектеш материалды окуу