Akchabarsearch

    Жарыяланган

    2024-30-08, 08:07

    Кыргыз фондулук биржасында эки банк 3,5 млн сомдук облигацияларын сатты

    29-августта Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтчасында  “Дос-Кредобанк” менен “Бакай Банк” облигацияларын сатты.  

    Тактап айтканда, биржанын экинчи рыногунда “Дос-Кредобанктын” 175 миң жашыл облигациялары сатылды. Баалуу кагаздын ар бири 1 миң сомго бааланган.  

    Мындан тышкары, “Бакай Банк” облигацияларды жайгаштыруу боюнча биринчилик рынокто ири операция жүргүзгөн. Ал 1 миң сомдук номиналдуу 3,3 миң баалуу кагазды жайгаштырган. Натыйжада банк 3,3 млн сом пайда тапты. 

    Кошумчалай кетсек, ошол эле күнү дагы эки компания облигацияларын биржага жайгаштырган. Атап айтканда, “Строй дом. КГ” 7 миң сомго жана “ИнвесКор СА” микрофинансылык компаниясы 60 миң сомго облигацияларын жайгаштырды.


    Тектеш материалды окуу

    • Климаттык күн тартипке банктар кошулууда: Бишкекте УДАС 3.0 даярдоо алкагындагы климаттык каржылоо боюнча тренинг өттү

      Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасы (БУУӨП) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте жана Элдик Банктын катышуусунда коммерциялык банктар үчүн климаттык каржылоо боюнча тренинг өткөрдү. Бул иш-чара жаңыланган Улуттук деңгээлде аныкталган салымды (УДАС 3.0) даярдоонун бир бөлүгү болуп калды жана Кыргызстандын климаттык милдеттенмелерин ишке ашырууга каржы секторун тартууга багытталган.
      2025-22-05 12:14:38
    • «Ишкерлер үчүн жаңы горизонттор: өнүгүү жана каржылоо» бизнес—форуму

      Чакан жана орто бизнести жана экспорттук/импорттук соода операцияларын каржылоодо камсыздандыруу инструменттерин колдонуу: негизги аспектилер, «Элдик Банк», Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жана Дордой Камсыздандыруу ортосундагы өнөктөштүк.
      2025-30-04 06:22:14
    • Элдик Банк El.Kalkan киберкоопсуздук боюнча долбоорун ишке киргизди

      "Элдик Банк" 2025-жылга карата өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири катары El.Kalkan киберкоопсуздук боюнча долбоорду ишке киргизди. Долбоордун башталышы кардарга багытталган ишенимдүүлүгүн жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу багытында өнүктүрүүнүн стратегиялык багытын ишке ашыруу менен байланышкан. Ошондой эле улуттук жана эл аралык деңгээлдик сектордо алдамчылык фактыларынын көбөйүү динамикасы менен шартталган. Банктын кардарлары, бүтүндөй тармак үчүн да маанилүү социалдык долбоордун ишке ки
      2025-15-04 09:00:00
    • Элдик Банк» 2024-жылды рекорддук жетишкендиктер менен жыйынтыктайт

      "Элдик Банк" 2024-жылды рекорддук жетишкендиктер менен аяктап жатат. Жыл жыйынтыгы 26-декабрда борбор калаадагы масштабдуу иш-чарада чыгарылды. Жолугушуунун алкагында банк өз ишинин негизги жыйынтыктарын тартуулады, ошондой эле "Элдик" жаңы мобилдик банкингинин бет ачарын өткөрдү.
      2024-26-12 07:26:14