Akchabarsearch
ЕӨБ 2025-жылы «Ислам терезесин» ачууну пландаштырууда

Жарыяланган

2024-05-12, 13:12

ЕӨБ 2025-жылы «Ислам терезесин» ачууну пландаштырууда

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) 2025-жылдын орто ченинде "Ислам терезесин" ишке киргизүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу банктын жыйынтыктоочу маалымат жыйынында айтылды.

Бул үчүн пландаштырылган үч негизги кадамдар бар:

Ислам өнүктүрүү банкынын тобунун жардамы менен ислам каржылоосун

  • жөнгө салуучу ички документтерди кабыл алуу;
  • эл аралык адистердин катышуусу менен банктын ички кеңешин түзүү;
  • кошумча иш-чараларды жүргүзүү, анын ичинде кызматкерлерди окутуу.

Ислам каржылоосун киргизүүнүн аркасында чөлкөмдөгү өлкөлөр жылына 500 миллион доллардан 1 миллиард долларга чейин кошумча инвестиция тарта алат деп күтүлүүдө.

"Ислам терезесин" түзүү боюнча иштер 2024-жылдын март айынан баштап, башкаруучу комитет түзүлгөндөн бери уланууда.


Тектеш материалды окуу