Akchabarsearch
Кыргызстанда маданият тармагына мамлекеттик чыгымдар 105 млн долларга чейин өстү
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-19-06, 10:35

Кыргызстанда маданият тармагына мамлекеттик чыгымдар 105 млн долларга чейин өстү

Кыргызстанда маданият тармагына мамлекеттик инвестициялар 2021-жылдан бери 32 млн доллардан 105 млн долларга чейин өстү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Санкт-Петербургдагы эл аралык конференцияда билдирди.

Ал ошондой эле 2022-жылы “Чыгармачыл индустриялар паркы жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, тармакта иштегендер үчүн 1% бирдиктүү салык киргизилгенин белгиледи. Учурда бул паркта 165 резидент бар. Мындан тышкары, маданият кызматкерлеринин айлыгы 100%га жогорулаган.

Касымалиев маданият жана креативдүү индустриялар эми жөн гана гуманитардык тармак эмес, экономикага да салым кошуп, жумуш орундарын түзүп, экспортту өнүктүрүп жатканын айтты.

Ал Евразия мейкиндигинде экономикалык өзгөрүүлөр жүрүп жатканын, бирок элдерди байланыштырган маданий байланыштар сакталып кала берерин белгиледи. Ошондуктан бул байланыштарды заманбап санариптик шартка ылайык өнүктүрүү зарыл экенин айтты.

Ал жасалма интеллекттин өнүгүшү автордук укук маселелерин күчөтүп жатканын, бул боюнча Евразия деңгээлинде бирдиктүү эрежелер керек экенин кошумчалады.

Сөзүнүн аягында ал: «Жасалма интеллект алгоритмдерди жаратат, адам болсо маани жаратат. Интеллектуалдык капиталды сактап, өнүктүрөлү», – деп белгиледи.


Тектеш материалды окуу