Akchabarsearch
ЕАЭБ талаптарына жооп бербеген жүктөр Кыргызстанга киргизилбейт

Жарыяланган

2026-09-01, 10:03

ЕАЭБ талаптарына жооп бербеген жүктөр Кыргызстанга киргизилбейт

ЕАЭБ талаптарына жооп бербеген жүктөр Кыргызстанга киргизилбейт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-январда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын жайгашкан "Ак-Тилек" жана "Кант" фитосанитардык контролдоо пункттарынын ишин, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери үчүн жаңы жылдык каникул убагында, пландан тышкары текшерүүнү жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары тарабынан карантинге алынган продукцияны импорттоодо жана экспорттоодо фитосанитардык талаптарды так сактоо, фитосанитардык көзөмөлдү күчөтүү боюнча көрсөтмөлөр берилди. 

Ошондой эле республиканын аймагына ЕАЭБдин фитосанитардык талаптарына жооп бербеген, фитосанитардык коопсуздукка коркунуч келтирген жүктөрдү киргизбөө боюнча тапшырмалар берилди.

 


Тектеш материалды окуу