Жарыяланган
2025-12-12, 10:23Кыргызстан 2026-жылга электр унаа ташып келүүдө 15 миң даана квота алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанга келерки жылы 15 миң электр унааны бажы төлөмүсүз ташып киргизүүгө уруксат берилет. Бул чечимге Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Москва шаарында өткөн жыйында кол коюлду.
Быйылкы жыл үчүн Кыргызстанга электр унааны бажы төлөмүсүз ташып келүүгө 10 миң квота берилген.


