Akchabarsearch
ЕЭК менен ЕАӨБ жаңы кызматташтык меморандумуна кол коюшту

Жарыяланган

2026-25-06, 20:26

ЕЭК менен ЕАӨБ жаңы кызматташтык меморандумуна кол коюшту

Евразиялык экономикалык комиссия (ЕЭК) менен Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) кызматташтык тууралуу жаңы Меморандумга кол коюшту. Документ өнөр жай, агроөнөр жай, экспортту каржылоо, маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү карайт.

Меморандумга 25-июнда Алматы шаарында өткөн ЕАӨБдүн Жылдык жыйынынын алкагында ЕЭКтин Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев менен ЕАӨБдүн Башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов кол коюшту.

Документ Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын эске алуу менен иштелип чыгып, тараптардын кызматташтыгынын укуктук базасын жаңылоого багытталган.

Меморандум өнөр жай жана агроөнөр жай тармагындагы биргелешкен долбоорлорду колдоо инструменттерин өнүктүрүүнү, ЕАЭБ өлкөлөрүндө өндүрүлгөн продукциянын экспортун каржылоону жакшыртууну, ошондой эле маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект багытындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү карайт.

Бакытжан Сагинтаевдин айтымында, документ интеграциялык долбоорлорду алдыга жылдыруу жана аларды инвестициялык колдоо боюнча ЕЭК менен ЕАӨБдүн өнөктөштүгүн мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөт.


Тектеш материалды окуу