Akchabarsearch
Эки жылдан кийин Кыргызстандын айылдарындагы жолдорго асфальт төшөлө баштайт

Жарыяланган

2026-12-10, 11:45

Эки жылдан кийин Кыргызстандын айылдарындагы жолдорго асфальт төшөлө баштайт

Эки жылдан кийин Кыргызстандын айылдарынын ичиндеги жолдорду асфальттоого өтүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында транспорт министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу билдирди.

Жыйында депутат Алишер Козуев Транспорт министрлигинин Жол фонду биринчи кезекте айылдарда ички жолдорду салуу, оңдоо үчүн түзүлгөнүн айтып, бул багытта кандай иштер жасалып жатканын сурады.

Транспорт министринин орун басары Бактылуу Аскар уулунун айтымында, азыр алар айылдарды бириктирген жолдорду салуу боюнча иш алып барууда. Аларга айылдардын ички жолдорун жасоо боюнча тапшырма алдыдагы жылдарга коюлган.

"Айылдардын ички жолдоруна чейин учурда аймактагы шаарлардын ички жолдорун салуу иштери жүрүп жатат. Эки жылдан кийин айылдардын ички жолдоруна кирүү пландалууда. Ал ички жолдорду жаңы технология менен жасоо, ишке толук кандуу киришүү үчүн жаңы техникаларды алып жатабыз", - деди ал.


Тектеш материалды окуу