
Жарыяланган
2026-12-10, 09:502027-жылы Кыргызстанда эски мектеп маселеси чечилгенден кийин 2028-жылдан тарта өлкөнүн ар бир айылына бала бакча салууга киришебиз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Лейлек районунун тургундары менен 11-октябрда болгон жолугушуусунда билдирди.
Аный айтымында, өлкөгө мектеп менен катар бала бакча да керек. Бирок учурда мектеп көбүрөөк керек болуп жатат. Азыркы тапта Кыргызстанда 111 айылда 1960-жылдары салынган эски мектептер бар.
"Аларды 2027-жылы бүтүрөбүз. 2028-жылдан баштап биз бала бакчаларга өтөбүз, айылдарга чейин курабыз. Бизде 4 минге жакын айылыбыз бар. Ошонун ар бирине бала бакча жетет", - деди ал.
Ал билдиргендей, бала бакча алгач чоң айылдарга, андан кийин орто, анан барып кичи айылдарга кезеги менен салынат.



