
Жарыяланган
2026-12-10, 09:00Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Лейлек районунун тургундары менен 11-октябрда болгон жолугушуусунда чет жактагы мигранттарды өлкөгө келип иштөөгө чакырды.
Анын айтымында, азыр миграция кичине токтоду. Мамлекет азыр чет жерде жүргөн мигранттарды өлкөгө келип иштөөгө чакырууда. Азыр өлкөдө иш бар.
Президент үйү жокторго Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үйлөр курулуп жатканын айтып, МИКтин үйлөрү "жарандар чет жакка кетпесин, мекенине кайтып келсин" деп салып жатканын билдирди.
"Чет жакта иштеген бала-чакаңар болсо, чакыргыла. Келсин. Иш бар. "Кыргызстанда иш жок" деген шылтоо туура эмес", - деди ал



