
Жарыяланган
2026-09-10, 18:02Кыргызстанда Айыл чарба министрлигинин алдында "Мал Аман" борбору түзүлүп, алгач ага 1500гө жакын ветеринар ишке алынат. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Ал ветеринарларга айлык төлөнүп турат. Жаңы ишканага алынган адистер малды эмдөө, кан үлгүлөрүн алуу жана башка мамлекеттик ветеринардык иштерди жүргүзөт.
Ошондой эле алар жарандарга акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтө алышат.



