Akchabarsearch
Мыйзамга кол коюлду: Эми таштанды ыргыткандар көчө тазалап, шыпырат

Жарыяланган

2026-09-10, 16:59

Мыйзамга кол коюлду: Эми таштанды ыргыткандар көчө тазалап, шыпырат

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда таштандыны туш келди ыргыткандарды, өрттөгөндөрдү коомдук жумуштарга тартуу тууралуу мыйзамга кол койду. Эми ал мыйзам 19-октябрда күчүнө кирет.

Мыйзамга ылайык, таштандыны белгиленбеген жерге (көчөгө, талаага) ыргыткандар, үйүп койгондор, өрттөгөндөр, андан тышкары жалбыракты өрттөгөндөр же айлана-тегерегинин тазалыгын сактабагандар көчө шыпырып-тазалашы керек болот же башка коомдук жумуштарга тартылат.

Жаран көчөгө таштанды ыргытса (Укук бузуулар кодексинин 114 же 115-беренелеринде каралган нормалардын бирин бузса), биринчи жолкусунда ага азыркыдай эле эскертүү гана берилет же акчалай айып салынат. Бирок жыл ичинде кайра таштанды ыргытып кармалса, бул жолу 20 сааттан 30 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылат.

Ал жарандын коомдук жумуштарды аткарышын пробация органы көзөмөлдөйт. 


Тектеш материалды окуу