Akchabarsearch
Кыргызстанда кумшекердин импортуна убактылуу тыюу салуу сунушталууда

Жарыяланган

2026-09-10, 15:04

Кыргызстанда кумшекердин импортуна убактылуу тыюу салуу сунушталууда

Кыргызстанда кумшекердин импортуна убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Айыл чарба министрлиги коомдук талкууга чыгарды.

Министрлик билдиргендей, мындай тыюу салуу Кыргызстандагы кант кызылчасын өстүргөн дыйкандарды колдоо үчүн керек болууда. Себеби азыр талаадагы түшүм жыйналып, андан кумшекер жасалып, сатыкка чыга баштайт. 

Кыргызстанда өндүрүлгөн кумшекер чет жактан келген шекерге караганда өздүк наркы боюнча кымбатыраак болгондуктан, импортту токтотуп турбаса, өлкөдөгү дыйкандар кумшекерди сата албай калат же арзан сатып, кетирген чыгашасын актай албай калат.

Ошондуктан аларды колдоо үчүн кумшекердин импортуна алты айга тыюу салуу сунушталууда. 


Тектеш материалды окуу