Akchabarsearch
Эл аралык туристтик поезд Кыргызстанга 90дон ашык конок алып келди
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-17-04, 15:11

Эл аралык туристтик поезд Кыргызстанга 90дон ашык конок алып келди

Бүгүн, 17-апрелде Балыкчы шаарынан Бишкек шаарына Англиянын “Golden eagle trains” компаниясына таандык эл аралык туристтик поезд келди. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, поезд менен Батыш Европа, Түндүк Америка жана Чыгыш Азиядан 90дон ашык турист келди.

Темир жол бекетинин аймагында туристтерди салтанаттуу тосуп алышып, кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулду. Андан соң алар Бишкек шаарына экскурсияга чыгышты.

Туристтердин Кыргызстандагы сапары бир күн мурда Ысык-Көл облусунда башталып, аларга атайын программа уюштурулган.

Туристтик поезд 17 заманбап, ыңгайлуу вагондон турат.

 


Тектеш материалды окуу

Эл аралык туристтик поезд Кыргызстанга 90дон ашык конок алып келди Акчабарда