
Жарыяланган
2026-03-11, 17:01“Элдик Банк” ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев Bloomberg эл аралык иштиктүү басылмага берген интервьюсунда аталган Банктын стратегиялык пландары, анын эл аралык финансы рыногундагы өнүгүү келечеги тууралуу айтып берди.
Негизги багыттардын катарына – үстүбүздөгү жылы юань менен номинацияланган облигацияларды чыгаруу аркылуу 500 млн АКШ долларына чейин каражат тартуу, ошондой эле 2027-жылы доллар облигацияларын чыгаруу кирет.
Мындан тышкары, Банк Лондон фондулук биржасына чыгуу үчүн даярдыктарды көрүүдө. Акцияларды алгачкы коомдук жайгаштыруу (IPO) алдын ала 2028-жылга пландаштырылган.
Интервьюда Кыргызстандын инфраструктурасын өнүктүрүү долбоорлорун каржылоого “Элдик Банк” ААКтын катышуусу, эл аралык кызматташууну бекемдөө жана комплаенс-контролдоо системасын өркүндөтүү маселелери да козголду.
Уланбек Ногаевдин берген интервьюсу менен толук Bloomberg сайтынан таанышсаңыздар болот (шилтеме).



