
Жарыяланган
2026-02-07, 14:42Шанхай кызматташтык уюмунун Банктар аралык бирикмесинин (МБО ШКУ) алкагында «Элдик Банк» ААК жана Кытайдын Өнүктүрүү Банкы (China Development Bank) 1 млрд юань суммасында кезектеги кредиттик макулдашууга кол коюшту. Бул документ стратегиялык мааниге ээ долбоорлорду каржылоого жана Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө багытталган.
Кол коюу аземине «Элдик Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев жана Кытай Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын президенти Тань Цзюн катышты.
Эки каржы институтунун кызматташтыгы жылдарында экономиканы колдоонун натыйжалуу механизмдери түзүлүп, ишкердикти өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга көмөктөшүүдө. Жаңы кредиттик линия артыкчылыктуу тармактарды каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана ири долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Чогулган каражаттар инфраструктура, жашыл энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана башка инвестициялык тармактардагы чакан жана орто бизнести каржылоого жумшалат. Ата мекендик ишкерлер өндүрүштүк кубаттуулуктарды модернизациялоо, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн зарыл болгон узак мөөнөттүү финансылык ресурстарга жетүүсү өзгөчө мааниге ээ.
Ошондой эле банктын туунду компаниялары — «Элдик Лизинг» жана «Скай Мобайл» үчүн 700 млн юань бөлүү боюнча келишимге кол коюу пландалууда, алар ушул келишимдин алкагында долбоорлорду ишке ашырууга жооптуу болушат.
Документке кол коюу “Элдик Банк” ААК менен Кытай Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ортосундагы ишенимдин жогорку деңгээлин тастыктайт жана тараптардын финансылык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө умтулуусун чагылдырат.
Кытай Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен кызматташуубуз жыйырма жылдан бери ийгиликтүү өнүгүп келе жатат жана Кыргызстандын экономикасын колдоого зор салым кошууда.
«Жаңы келишим артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоо үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачып, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык байланыштарды мындан ары чыңдоого жардам берет», - деп белгиледи «Элдик Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев.



