Akchabarsearch
Элдик Банк «Айыл чарбасын каржылоо – 14» программасын ишке киргизди

Жарыяланган

2026-10-02, 15:49

Элдик Банк «Айыл чарбасын каржылоо – 14» программасын ишке киргизди

Элдик Банк агроөнөр жай комплексинде иш алып барган ишкердик субъекттерин колдоого багытталган «Айыл чарбасын каржылоо – 14» (АЧК-14) программасынын ишке киргизилгенин жарыялайт.

Программа юридикалык жактарга жана мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү, сууну үнөмдөөчү сугат технологияларын (тамчылатып сугаруу, жаандатып сугаруу) киргизүү, суу сактагычтарды куруу, ошондой эле күнөскана чарбачылыгы тармагында иш алып барган жеке ишкерлерге багытталган.

Кредиттик каражаттар мал чарбачылыгын жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле заманбап агротехнологияларды киргизүүгө берилет.

Кредиттөө шарттары:

Программанын алкагында төмөнкү шарттар каралган:

•    күрөөсүз кредиттөө — 500 000 сомго чейин;
•    500 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин — мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү тармагында иш алып барган субъекттер үчүн күрөө менен;
•    3 000 000 сомго чейин — сугат системаларын киргизген жана суу сактагычтарды куруу менен алектенген субъекттер үчүн күрөө менен.

Кредиттөө мөөнөтү 36 айга чейин.

Негизги карызды төлөө боюнча жеңилдетилген мөөнөт — 6 айга чейин.

Жылдык пайыздык чен 6%, эффективдүү пайыздык чен — 6.18%дан баштап.

Кредиттер улуттук валютада — кыргыз сомунда берилет.

АЧК-14 программасын ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагына финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жана туруктуу өнүгүүгө багытталган.

Элдик Банк ишкердикти колдоо жана өлкөнүн регионалдык экономикасын өнүктүрүү боюнча системалуу ишин улантууда.

Программага катышуу боюнча толук маалыматты Элдик Банктын филиалдарынан жана бөлүмдөрүнөн алууга болот.

📞 9111
🌐 https://eldik.kg/
📄 КР УБ лицензиясы №033
 


Тектеш материалды окуу

  • Элдик Банктан 3% менен асыл тукум мал чарбасын колдоо!

    Элдик Банк Кыргызстанда асыл тукум багытын өнүктүрүп жаткан фермерлер жана чарбалар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, баалуу ири мүйүздүү мал малдары менен иштегендерге атайын каржылоо программасын ишке киргизди.
    2026-26-02 10:43:26
  • Элдик Банк «Айыл чарбасын каржылоо – 14» программасын ишке киргизди

    Элдик Банк агроөнөр жай комплексинде иш алып барган ишкердик субъекттерин колдоого багытталган «Айыл чарбасын каржылоо – 14» (АЧК-14) программасынын ишке киргизилгенин жарыялайт.
    2026-10-02 09:49:44
  • Элдик Банк: БУУнун ГК жоопкерчиликтүү бизнес үчүн аянтча

    21-январда БУУнун Борбордук Азиядагы Глобалдык келишим тармагынын директорлор Кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү. Жыйынга «Элдик Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев, Тармактын Директорлор кеңешинин мүчөсү катары катышты.
    2026-23-01 06:02:59
  • Элдик Банк жана БУУӨП Кыргызстанда жашыл каржылоону өнүктүрүшөт

    «Элдик Банк» ААК менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) туруктуу өнүгүү, “жашыл”жана климатка багытталган экономика, ошондой эле, инновациялык каржы инструменттеринжайылтуу жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
    2025-09-09 11:59:14