Akchabarsearch
Эмгек министрлиги 205 млн сомго санаторий жолдомолоруна тендер жарыялады

Жарыяланган

2026-06-04, 13:41

Эмгек министрлиги 205 млн сомго санаторий жолдомолоруна тендер жарыялады

Эмгек министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды санаторий-курорттук дарылоого жөнөтүү үчүн 205 млн сомго тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Тендерге катышуу үчүн арыздар 20-апрелге чейин кабыл алынат. Жолдомолор жыл бою берилиши керек.

Каржы аймактар боюнча төмөнкүдөй бөлүнгөн: Чүй, Талас жана Бишкек шаарындагы санаторийлерге 17.9 млн сом, Ысык-Көл жана Нарын облустарына 116.8 млн сом, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына 70.2 млн сом каралган.

Тендерге катышкан мекемелер майыптыгы бар адамдар үчүн ылайыкташкан шарттарды түзүп, жыл бою кабыл алууга даяр болуп, тиешелүү лицензиясы жана тажрыйбасы болушу керек. Ошондой эле кызматкерлердин медициналык документтери талап кылынат.

Төлөм кызмат көрсөтүлгөндөн кийин жүргүзүлөт.

 


Тектеш материалды окуу