Akchabarsearch
“Ысык-Ата” санаториясында кызматкерлердин коррупциялык схемасы ачылды

Жарыяланган

2025-25-11, 15:30

“Ысык-Ата” санаториясында кызматкерлердин коррупциялык схемасы ачылды

“Ысык-Ата” санаториясында кызматкерлердин коррупциялык схемасы ачылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, алар кардарлар төлөм тартибин билбегендигин пайдаланып, кызмат акысын накталай алышкан. Бирок  бул акчалар терминал аркылуу жүргүзүлбөй, эсепке алынбай калган. Ошондой эле  эсепке алуу журналдарында бейтаптар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн эмес.

Мындан улам санаторийге түшүшү керек болгон каражаттар системалуу түрдө уурдалып турган. 

Бул факт боюнча төрт кызматкер — С.Э.С., Э.А.А., А.Г.О. жана А.у.О. — күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке келтирилген зыянды төлөп берүүгө милдеттеништи.

 


Тектеш материалды окуу