Akchabarsearch
ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы кармалды

Жарыяланган

2025-16-12, 15:36

ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы кармалды

Быйыл 10-декабрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Күзөт кызматынын башчысы, милициянын полковниги А.Т.А. кол алдындагы кызматкерлерден системалуу түрдө пара алган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, ал былтыртан тартып Балыкчы шаарынын күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринен бөлүм башчысы Д.Т.И. жана башка аффилирленген адамдар аркылуу мыйзамсыз акча чогултуп келген.

Тактап айтканда, милиция кызматкерлери жумуштан сырткары кошумча иштеп, ар кандай объектилерди кайтарууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн жетекчилерге акча төлөп турушкан.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар ИИМдин башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

 


Тектеш материалды окуу