
Жарыяланган
2025-12-12, 14:34Саламаттыкты сактоо министрлигинин Психиатрия жана наркология борборунда коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Психиатрия жана наркология борборунда иштеген эксперт-дарыгерлер оор жана өзгөчө оор кылмыштарга айыпталган адамдардан акча алып, кылмыш жоопкерчилигинен качып кетиши үчүн "акыл-эси жайында эмес" деген жалган документ жасап берип жүрүшкөн.
Мисалы быйыл жыл ортосунда аталган борбордун алты адиси баңгизат сатууга айыпталган М.А.А. аттуу жаранга эки жолу соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүшкөн. Анын туугандарынан 1.5 млн сом пара алышып, айыпталуучунун кылмыш жоопкерчилигинен качышы үчүн "акыл-эси жайында эмес" деген жыйынтык чыгарып беришкен.
Аталган фактыга байланыштуу 10-декабрда алты эксперт-дарыгер (А.Ж., Ш.Н.,Ч.Ю., К.Ж., С.Л., жана З.М.Д.) шектүү катары кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.



