Akchabarsearch
УКМК Бишкектин экс-вице-мэри баштаган бир нече адамды кармады

Жарыяланган

2026-14-01, 13:47

УКМК Бишкектин экс-вице-мэри баштаган бир нече адамды кармады

Бишкекте катуу тиричилик калдыктарын башкаруу жана жаңы полигон куруу долбоору боюнча коррупция фактысы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы Бишкек мэриясына долбоор үчүн 22 млн еврокредит бөлүнгөн. Каражаттар атайын техникаларды (бульдозер, жүктөгүч, таштанды ташуучу унаалар, таштанды контейнерлери, ж.б) сатып алууга жана “Тазалык” менен “Бишкек санитардык полигону” ишканалары үчүн полигон курууга багытталган.

Бирок мамлекеттик сатып алууларга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында бюджетке келтирилген алдын ала зыян болжол менен 182 млн сомду түзгөнү аныкталган.

12-январда тергөө иштеринин алкагында Бишкектин мурдагы вице-мэри, «Бишкек санитардык полигону» ишканасынын мурдагы директору жана бир катар подряддык компаниялардын жетекчилери кармалды. 

Учурда тергөө иштери улантылып, келтирилген зыяндын так көлөмү жана башка тиешеси бар кызмат адамдары аныкталууда.
 


Тектеш материалды окуу