Akchabarsearch
Аскердик окуу жайда жасалма упай аркылуу абитуриент киргизишкен

Жарыяланган

2025-17-12, 15:55

Аскердик окуу жайда жасалма упай аркылуу абитуриент киргизишкен

Быйыл 11-декабрда Коргоо министрлигинде пара алуу жана жасалма документ аркылуу абитуриентти Аскердик жогорку окуу жайына киргизүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда, 2024-жылы Улуттук аскер лицейинин бүтүрүүчүсү З.А.Э. тесттен 108 упай алган, бирок документте анын упайы жасалма түрдө 129 упай деп жазылып, кабыл алууга негиз болгон.

Абитуриенттин апасы кызматкерлер аркылуу майор А.А.А. менен макулдашып, бул кызматтар үчүн 4 миң 500 доллар берген .

Соттун чечими менен майор А.А.А. эки айга камакка алынды. УКМК жана Аскер прокуратурасы бул схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштерин улантууда.
 


Тектеш материалды окуу