Жарыяланган
2025-08-04, 18:16Аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жашаган үйүн ижарага алганы үчүн төлөнгөн кенемте 1-апрелден тарта көбөйтүлдү. Тиешелүү токтомго 4-апрелде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Ага ылайык, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине үйдү ижарага алганы үчүн акчалай кенемте аймактагы бааларга жараша берилет. Бирок кенемте Бишкекте күнүнө 500 сомдон, аймактарда күнүнө 420 сомдон ашык төлөнбөйт.
Буга чейин күч түзүмүндө иштегендер үчүн акчалай кенемте Бишкекте 300 сомдон, аймактарда 250 сомдон ашык берилчү эмес. УКМК кызматкерлерине гана (Чек ара кызматкерлерин кошпогондо) Бишкекте күнүнө 500 сом, аймактарда күнүнө 420 сом кенемте каралган.