
Жарыяланган
2026-18-02, 16:33Баткен облусунун Раззаков шаарындагы "Чек ара кызматынын 2021 аскер бөлүгү" мекемеси быйылкы жылдын апрель-июнь айларына азык-түлүк сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Азык-түлүккө 9 млн 413 миң кетет деп пландалууда. Бул каражаттын 6 млн 700 миңине эт, 1 млн 662 миңине сүт азыктары, 918 миңине жашылча, 132 миңине жумуртка сатып алынат.
Бул каражаттын ичине салык жана жеткирип берүүгө кеткен чыгашалар да кирет.
Тендердик сунуштарды берүүнүн мөөнөтү 23-февралда аяктайт.



