Akchabarsearch
Аскер кызматкерлери кызмат өтөгөн жерине карабастан "Менин үйүм" программасына катыша алат

Жарыяланган

2025-06-11, 10:44

Аскер кызматкерлери кызмат өтөгөн жерине карабастан "Менин үйүм" программасына катыша алат

Аскер кызматкерлери кызмат өтөгөн жерине карабастан “Менин үйүм” программасына катыша алышат. Бул тууралуу президенттин жарлыгынын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Анда аскер кызматчылары белгиленген критерийлерге жооп берген учурда, кызмат өтөгөн жерине карабастан программага катыша ала тургандыгы көрсөтүлгөн. Бул демилге “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 12-беренесин ишке ашырууга багытталган жана алыскы гарнизондордо кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине турак жайды жеңилдетилген шарттарда алуу мүмкүнчүлүгүнө тоскоол болуп келген аймактык чектөөлөрдү жоюу зарылчылыгынан улам көтөрүлдү.

Бул долбоор 21-ноябрга чейин коомдук талкууда болот. 


Тектеш материалды окуу