
Жарыяланган
2026-02-01, 15:24Кыргызстанда кафе-ресторандарга тейлөө акы деп кошумча акча алууга тыюу салынды. Өкмөттүн тиешелүү токтому 1-январда күчүнө кирди.
Эми тамактануучу жайларга 10-15% тейлөө акы алганга болбойт. Кафе-ресторандар кардардан ала турган акынын баары тамактын баасында көрсөтүлүшү керек.
Ошол эле учурда келген кардар өз каалоосу менен чайпул калтыргысы келсе, ага тыюу салынбайт.



