Akchabarsearch
Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкерлери айлык акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгарылат

Жарыяланган

2026-02-01, 16:13

Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкерлери айлык акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгарылат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун маселелерине байланыштуу жеринде көчмө жыйын болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Отурумдун жүрүшүндө ишкананын учурдагы абалы, өндүрүштүн көлөмү, кызматкерлердин эмгек акысы, социалдык маселелер жана заводду сактап калуу боюнча жасала турган иш-аракеттер талкууланган. Ишкана кызматкерлери өндүрүштүн кыскарып, эмгек акынын төлөнбөй жатканын жана жумушсуз калышы мүмкүн экенин айтышып, кабатырлануусун билдиришкен. 

Жыйында кызматкерлерге үч айдан бери төлөнбөй жаткан эмгек акысын төлөө үчүн министрлер кабинети тарабынан тиешелүү документтин долбоору даярдалып, ошондой эле инвестор тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы айтылган. 

Заводдун иши толук жанданганга чейин кызматкерлер айлык акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгарылары айтылган. Жумуштан кетүүнү каалаган кызматкерлерге мыйзамга ылайык кенемте төлөнүп берилери маалымдалган. 

Бакыт Төрөбаев заводдун ишин жандандыруу максатында атайын жумушчу топ түзүлөрүн, өндүрүштү диверсификациялоо жана жаңы багыттарды ачуу боюнча талдоо жүргүзүлөрүн билдирген. Ал кызматкерлер айлык маяналарын январь айынын аягына чейин толук алып каларын айткан. 

Ал заводдо чыгарылып жаткан лампаларды (лампа накаливания) өндүрүү токтотуларын айтып, мындай продукция дүйнө жүзүндө колдонулбай калганын белгилеген. 

Учурда Майлуу-Суу лампа заводунда бир нече продукция чыгарылат (стеклотара, бөтөлкө, банка, светодиодная лампа).


Тектеш материалды окуу