Akchabarsearch
Финансы министри Борбордук Азиялык кепилдик фондун түзүүнү сунуштады

Жарыяланган

2025-19-11, 18:00

Финансы министри Борбордук Азиялык кепилдик фондун түзүүнү сунуштады

Финансы министри Алмаз Бакетаев Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масато Канда жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар аталган банк менен келечектеги кызматташтыктын стратегикалык багыттарын белгилешти. Бакетаев Борбордук Азиялык кепилдик фондун түзүүнү сунуштады. Бул демилге аймактык финансылык туруктуулукту бекемдөөгө багытталган.

Анын жыйынтыгында тараптар бири-бирине ыраазычылыгын билдирип, кызматташтыкты мындан ары туруктуу жана өз ара пайдалуу түрдө өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин тастыкташты.


Тектеш материалды окуу