
Жарыяланган
2026-17-02, 11:20Бирөөнүн айдоо жерине кирип, эгинин тебелеген мал ээлери үчүн жазаны күчөтүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев даярдап, ал коомдук талкууга чыгарылды.
Депутат билдиргендей, көп учурда жарандар малын кароосуз калтырып кое берет. Кароосуз калган мал башка бир адамдын эгин (же башка өсүмдүктөр) айдалган жерине кирип кетип, андагы эгинди тебелеп, дыйкандар зыян тарткан учурлар арбын. Мындан улам депутат мал ээлеринин жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштап жатат.
Сунушка ылайык:
Мал-жандык айдоо жерине кирип, эгинди, түшүмдү талкаласа, анын ээсине 30 миң сом айып салынат (юридикалык жактарга 70 миң сом айып каралган). Андан тышкары ар бир бодо мал же жылкы үчүн 1 миң сомдон же майда жандыктар (кой, эчки ж.б.) үчүн 500 сомдон айып төлөөгө милдеттүү болот.
Айыппулду толугу менен төлөмөйүнчө мал ээсине кайтарылбайт. Айыппулдан түшкөн акчанын баарын мамлекет азыркыдай өзүнө алып албайт. Анын үчтөн бир бөлүгү республикалык бюджетке, бир бөлүгү жергиликтүү бюджетке, дагы бир бөлүгү дыйканга берилет.
Жергиликтүү бийлик же эгини тебеленген дыйкан малдын ээси айыппулду толугу менен төлөгөнгө чейин анын малын камап, бербей койгонго укуктуу болот. Ошондой эле малды камап турганда чөп-жемге кеткен чыгымдарын да өндүрүп алганга укук берилет.
Мал-жандык кармалгандан кийин анын ээси ким экени билинбей, кимдики экенин аныктоого мүмкүн болбосо, үч күндөн кийин; малдын ээси ким экени билинип, бирок анын жүргөнү жери белгисиз болсо же малын алып кеткени келбесе (айыппулду төлөбөйм деп жүрө берсе), жети күндөн кийин мал жергиликтүү бийликтин менчигине өтөт. Жергиликтүү бийлик ал мал-жандык базардан сатып, түшкөн акчаны мамлекет менен жапа чеккен дыйкан бөлүшүп алат.
Айыппул салуу үчүн мал талаада жүргөнү тартылган видео же сүрөт жетиштүү болот.



