Akchabarsearch
Амангельдиев кафелердеги баалардын өсүшү боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын айтты

Жарыяланган

2026-05-02, 10:51

Амангельдиев кафелердеги баалардын өсүшү боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын айтты

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев кафелердеги тамак-аштын баасынын өсүшү тууралуу маселе көтөрдү. 

Ал кафелерде тейлөө акысын жоюу тууралуу токтомду кайра кароо сунушун айтты. 

«Кафелердеги тейлөө акысын жоюп салдыңыздар. Бул тармакты түшүнбөй эмнеге аралашып жатасыңар? Бул токтомду артка кайтарып алууга болобу?» — деп сурады депутат. 

Министрлер кабинетинин биринчи вице-төрагасы Данияр Амангельдиев бул токтом кардарлардын укугун коргоо максатында кабыл алынганын белгиледи. 

«Кафелер тейлөө акысын кардарлардан мажбурлап алганга укугу жок. Мыйзамга ылайык, кардар тейлөө акысын өз ыктыяры менен гана бере алат. Азыркы учурда тамак-аштын баасынын өсүшү байкалууда. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте тиешелүү чаралар көрүлүп жатат», — деди Амангельдиев.


Тектеш материалды окуу